Бир канча жол эрежесин бузуп, МАИ кызматкерине баш ийбеген айдоочуга административдик протокол түзүлүп, унаасы айып жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 3-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Рендж Ровер унаасы жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан токтотулган. Бирок анын айдоочусу ага болбой качып кетүүгө аракет кылган. Катуу ылдамдыкта айдап, жолдо бир катар жол эрежелерин бузуп, адам өмүрүнө коркунуч жараткан.
“Ал унаанын айдоочусу Азиз Курбанов болгон. Анын жанында айдоочулук күбөлүгү болгон эмес. Иликтөөнүн негизинде Курбановдун айдоочулук күбөлүгү соттун чечими менен жокко чыгарылганы аныкталган” деп айтылат Жол-кайгуул кызматынын маалыматында.