"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кесиптик лицейлердеги бир орунга каалоочулардын саны 80-90 адамга барабар",- деп бүгүн, 3-апрелде маалымат жыйынында Билим берүү академиясынын кызматкери Сейитбек Жаанбаев билдирди.
Анын айтымында, 5-6 жыл мурун жаштар “юрист, экономист болобуз” деп кыялданып, жогорку окуу жайларга тапшырышкан. Ошол университеттерде студенттер батпай калчу.
"Учурда алардын айрымдары өз кесиби менен иштеп кетет. Ал эми бүгүнкү күндө кесиптик окуу жайларда бир орунга 80-90 адам болуп жатканын байкап жатабыз. Жаштар келечекте ким болорун туура түшүнө башташты",- деди Жаанбаев.