Жалал-Абад облустук прокуратурасы Кадыржан Батыровго карата кылмыш ишин козгоду

Жалал-Абад облустук прокуратурасы Сузак районунун Жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгына, Таш-Булак айылынын кызмат адамдарына жана Кадыржан Батыровго карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 3-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, Кадыржан Батыров Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган убагында Таш-Булак айылынын кызмат адамдары жана Сузак районунун Жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгы менен биргеликте жасалма документ жасашып, баасы 2 миллион 22 миң сомдук 13,67 гектар жер тилкесине ээлик кылып алган.

Учурда “коррупция”, “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tolkun85
2014-04-03 14:18:22
ал кайда азыр Батыров?
0
kaytmas
2014-04-03 15:44:53
эми би азыркы бийлик менен связы барда К.Батыровдун ошого эми иш козгомуш кылып койушат,Атамбаев,Текебаев Батыровдон коркушат булар.
+5
Manasasman
2014-04-03 16:07:34
Маски шоу......
0
Erhan
2014-04-03 16:58:45
Кадыржанды таап келип,кылмыш иши козголуп,камака алынаарына президентибизда кепилдик бере албайт.Биздикилер кызык,жасалма документи айрымалай алышпай кантип стол кучактап отурушат?Жон эле билмексен,кормоксон болуп коюшкан.Кадыржан дагы деле депутат болуп турганда,билишсе деле унчугушмак эмес.Жеп бутуп,качып кеткен чондорубузга кылмыш козгомуш болуп коебуз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан