2014-жылдын 31-мартынан 5-апрелге чейин Ош чек ара кошуунунун базасында “Бөрү” атайын багыттагы кошуундун жана топтордун саркерлери менен жыйын өтүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын коомчулук жана ММК менен байланыш түзүү бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Бөрү” атайын багыттагы кошуундун жана топтордун саркерлери менен мындай жыйын чек ара ведомствосунда биринчи жолу өткөрүлүүдө. Мыйзамсыз куралдуу түзүмдөр менен согуштук аракеттер болгон учурда атайын багыттагы кошуундун ыкчам, туура нукта ымалашып иш алып баруусун такшалтуу жыйынды өткөрүүнүн негизги максаты болгон.
Белгилүү болгондой, тренингдин жүрүшүндө лекциялар, топтук жана тажрыйбалык сабактар өткөрүлүп, алардын жүрүшүндө саркерлер аскердик мыйзамдардын нормативдик жана укуктук негиздери боюнча билимин жогорулатышты. Ошондой эле инженердик, чалгынчылык, ок атуу даярдыктардан өтүп, мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн аракеттеринин татикасын үйрөнүштү. Окуу учурунда чек ара аскерлеринин тактикасына, тоо жериндеги тоскоолдорду жеңүүнү үйрөнүүгө, ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча билимдерин да жакшыртууга көп көңүл бурулган.
Тажрыйбалык окуунун жүрүшүнүн биринчи баскычында окуп жаткандар тесттен өтүшүп, ок атуу боюнча тапшырмаларды аткарышып, гранаталарды ыргытуу боюнча машыгышты. Мындан тышкары атайын багыттагы топтордун аскер кызматкерлери мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн изин алуу жана аларды жок кылуу үчүн жүргүзчү чалгындоо-издөө аракеттеринин туура уюштурулушу жана жүрүшү боюнча машыгышты.