Өткөн сутка ичинде республика боюнча 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 7, Ош облусунда 2, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош шаарында 2 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун келип чыгуусуна көпчүлүк учурларда адамдардын шалаакылыгы себеп болууда.