Парламентте Садыр Жапаровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратууга байланыштуу маселе каралууда

"Садыр Жапаров Киев көчөсүндөгү имаратты Эльдар Мадылбековдон сатып алганда ал мамлекеттин менчигинде болгон эмес". Бул тууралуу Парламенттин 26-декабрдагы жыйынында депутат Нурбек Мурашов билдирди. Анын айтымында, Садыр Жапаров аталган имаратка байланыштуу мыйзам бузуу иштерин жасаган эмес. Айта кетсек, бүгүн Парламент жыйынында ЖКнын депутаты Садыр Жапаровду депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Башкы прокурор Аида Салянованын сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянынын маалыматы угулууда. Нурбек Мурашев аталган комиссиянын төрагасы болуп эсептелет. Жыйынга КРнын Башкы прокурору Аида Салянова да катышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан