ЖКнын депутаттары өкмөт мүчөлөрүн сынга алышууда

ЖКда депутаттар өкмөттүн өкүлдөрүн сынга алышууда. "Биз көтөргөн маселелерге силер жооп кайтарбай, биздин сөз талаага кетип, кээде өзүбүздүн суроолорубузга өзүбүз жооп берип калып жатабыз. Ал эми силер үйүңөрдөн даярдап келип "раздаточный листовкаларды" бизге таратып коюп, анысы аз келгенсип, ошону кайра эле бизге окуп берип коюп жатасыңар. Силердин милдетиңер, тиешелүү адамдарга биздин сөздөрдү жеткирип, жооп кайтарышыңар керек",- деди депутат Анвар Артыков. Мындай пикирди ЖКнын бир канча депутаты колдоого алып, чын эле көп маселеге өкмөт жооп бербей жатканын баса белгилешти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан