Ош мамлекеттик университетинде бүгүн, 3-апрелде пакистандык жазуучу жана журналист Ахмед Рашид лекция окуду. Бул тууралуу, аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чет өлкөдөн келген жазуучу, политолог Ахмед Рашид Борбордук Азия, Пакистан, Ооганстандагы коопсуздук жана бейпилдик маселелери боюнча лекция окуп, катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди.
Ал эми жыйынга өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов, бөлүм башчысы Айбек Исаев, ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, ошондой эле Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан келген тарыхчы, социолог, политологдор катышышты.