2012-жылы 611 кыргызстандык башка өлкөлөрдүн жарандыгын кабыл алышты

2012-жылы Президенттин жарлыгына ылайык 436 киши КРнын жарандыгын алып, 611 киши жарандыктан чыкты. Бул боюнча президенттин аппаратынан билдирди. Жарандык алган 436 кишинин 70 балдар. Алар Өзбекстандан, Тажикстандан, Орусиядан келген этникалык кыргыздар, Орусиядан, Казакстандан, Украинадан кайрылып келген жарандар жана башка өлкөдөн келип жарандык сурап кайрылгандар. Ал эми 611 киши Малайзия, Түркмөнстан, Казакстан, Орусия, Беларусь жана Германиянын жарандыгын алуу үчүн Кыргызстандын жарандыгынан баш тартышкан. Өлкө башчысы бул жарлыкка кечээ, 25-декабрда кол койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан