Ош облусунун Өзгөн районундагы тоолуу айылдардагы үйлөр көчкү коркунучунда турат. Мындай маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан мониторинг жүргүзүү учурунда аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, район боюнча жер көчкү күтүлө турган 96 кооптуу аймак аныкталган болсо, сел алып кетүү коркунучунда турган жерлердин саны 87ни түзөт. Ал эми жер астындагы суунун көтөрүлүп кетүү коркунучунда турган аймактардын саны - 11.