Кыргызстанда Эл аралык жаш волонтёрлор күндөрү өтөт

Кыргызстанда 11-апрелден 13-апрелге чейин Эл аралык жаш волонтёрлор күндөрү (Global Youth Service Day) белгиленет. Бул иш-чара дүйнөнүн 135 өлкөсүндө белгиленип келет. Бул тууралуу бүгүн уюштуруу комитети кабарлады.

Эл аралык жаштар волонтёр күнүнө дүйнө боюнча миллиондогон адам катышып келет. Жаштар өлкөлөр арасында аткарылган масштабдуу иш-чаралары менен жарышышат. 2013-жылы Кыргызстан дүйнө боюнча 2-орунду ээлеген.

Уюштуруучулардын айтымына караганда, иш-чаралар Кыргызстандын көптөгөн шаарларында жана региондорунда да өткөрүлмөкчү.

Атайын түзүлгөн топтор ишембиликке чыгып, бак-дарактарды актап, көчөт отургузуп жана ошондой эле маданий, кызыктыруучу иш-чараларды өткөрүшөт.   

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан