Кечээ, 2-апрелде Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультети бүтүрүүчүлөрүн кайрадан чакырды. Аталган факультетти бүтүрүп, бүгүнкү күндө өндүрүштүн түрдүү тармактарында эмгектенгендер, Ош шаарындагы көрүнүктүү ишкерлер жана банктын жетекчилери чакырылып, студенттер менен жолугушуу уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде аталган окуу жайдын басма сөз катчысы Рамис Ыдырысов билдирди.
Маалыматка ылайык, чакырылган коноктор студенттер менен кенен маектешип, алардын суроолоруна жооп беришип, ийгиликтин сырлары тууралуу ой бөлүшүштү.
Уюштуруучулардын айтымында, билим алып жаткан студенттер менен бүтүрүүчүлөрдү жолуктуруп турууну салтка айландыруу негизги милдет болуш керек. Анткени студенттердин окууга болгон кызыгуусу артып, билимге болгон аракетин ушундай жолдор менен күчөтүү мүмкүн экенин баса белгиледи.