2014-жылдын биринчи кварталында түнкү милиция кызматкерлери тарабынан 127 кылмыштын бети ачылды. Алардын ичинен адам өлтүрүү – 1, тоноо – 11, каракчылык – 2, уурулук – 9, зордуктоо – 8, ээнбаштык – 33. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-апрелде билдирди.
Ошондой эле түнкү милиция тарабынан 70 миңден ашуун унаа текшерүүгө алынып, анын 1566на административдик протокол түзүлгөн. Ал эми 1159 унаа айып жайга токтотулган.
Айта кетсек, түнкү милиция кечки саат 21:00дөн эртең мененки 07:00гө чейин коомдук тартипти камсыздайт.