Депутаттар Садыр Жапаровду ЖКнын бүгүнкү жыйынына катыштырууну сунуштоодо

"Депутат Садыр Жапаровго байланыштуу маселе каралып жатканда аны Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынына катыштыруу керек". Бул пикирди депутат Курмантай Абдиев  Парламенттин бүгүнкү, 26-декабрдагы жыйынында айтып чыкты. Анын айтымында, ЖКнын Регламентине ылайык ал бүгүнкү жыйынга катышууга укуктуу. "Аны алдырып келип жыйынга катыштыруу керек. Ага депутаттардын бир топ суроолору бар. Мисалы, мен депутаттык комиссиянын төрагасынын маалыматына ичим чыккан жок" деди депутат. Төрага Асылбек Жээнбеков бул маселе боюнча Башкы прокурорго сунуш жиберилгенин айтып, жыйын жүрүшүндө Башкы прокурор Аида Саляновага сөз бериле турганын айтты. Парламентте депутат Садыр Жапаровду кол тийбестигинен ажыратуу боюнча Башкы прокурордун сунушу боюнча маселе каралууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан