Эксперттер коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруудагы көйгөйлөрүн укук коргоо жана мамлекеттик органдары менен талкуулашат

Бишкекте эртең, 4-апрелде "Укук коргоо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү башкаруунун коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруудагы көйгөйлөрү” аталыштагы тегерек стол өткөрүлөт.

Аталган тегерек столго доклады менен башкы прокурордун орун басары Бекмамат уулу Темир жана Коррупцияга каршы саясаттын укук коргоо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү башкаруунун коррупцияга каршы саясатынын суроолору боюнча координациондук кеңешменин эксперттик кеңешинин төрагасы Кайрат Осмоналиев катышмакчы.  

Тегерек столдун катышуучуларына Башкы прокуратура жана “Инфо-Система” башкармалыгынын иштеп чыккан коррупциялык иштерине байланыштуу кылмыш иштерин каттоого автоматтык шартта саноочу системи тааныштырылат. 

Маалыматка таянсак, тегерек столдун катышуучулары коррупцияны жоюу максатында көз карандысыз эксперттердин сунуштарын да талкуулашат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан