Ош. Мады айылында көчөнү жакшы көрктөндүргөн алдынкы тургун 30 миң сом алат

Кара-Суу районунун Мады айылындагы Мырзаканов көчөсүнө сынак жарыяланды. Анда көчөнү ким жакшы көрктөндүрсө, акчалай сыйлыкка ээ болот. Бул тууралуу бүгүн райадминистрациянын басма сөз катчысы Турусбек Матиев билдирди.

Анын айтымында, аталган сынак Мады айыл өкмөтү тарабынан уюштурулуп, жергиликтүү тургундар демөөрчүлүк кылышкан. Сыйлык катары 1-орунга 30 миң сом, 2-орунга 20 миң сом, 3-орун ээсине 10 миң сом каралган.

Айта кетсек, аталган иш-чара облуста аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында жарыяланган 3 айлыкка байланыштуу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sharipa-asia
2014-04-03 20:27:57
Биздин айыл кооз болот экен да, акча десе баары чыгат го атаандашып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан