Ошто “7-Апрель окуясына жаштардын коомдук жана укуктук көз караштары” аттуу конференция уюштурулду

Бүгүн, 3-апрелде Ош мамлекеттик социалдык университетинин юридикалык-бажы факультетинин жамааты  2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуялардын келип чыгыш себептерин, 1916-жылдагы төңкөрүш менен айырмачылыгын, бул окуяларга жаштардын көз караштарын баалоо жана аталган окуяларга укуктук баа берүү максатында илимий, аймактык, студенттик конференция уюштурду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Арген Нуров билдирди.

Иш-чарага катышып жаткан студенттер үчүн атайын секциялык отурумдар уюштурулуп, дүйнөлүк жана Кыргызстандын тарыхындагы төңкөрүш, бийлик алмашуулар тууралуу тарых жана укуктук темада студенттер тарабынан илимий баяндамалар окулду.

Ага ректор Ч.Райымбаев жана юридика-бажы факультетинин деканы А.Көкөева, илимий иштер боюнча проректор М.Исманов катышып, сөз сүйлөштү. Алар 7-Апрель окуялары боюнча өздөрүнүн пикирлерин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Temari
2014-04-03 22:10:33
Хм...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан