Салык кызматы: 2014-жылдын алгачкы эки айында «Дордой» базарындагы сооданын активдүүлүгү төмөндөдү

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларынын аралыгында «Дордой» базарындагы соода-сатык төмөндөгөнү байкалууда. Базар ичинде иштебей, жабык турган контейнерлердин саны да аз эмес. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, көптөгөн контейнерлер жабылып жаткандыгы көрүнүп жатат. Бул экономикалык мүнөздөгү себептерге байланыштуу экени маалым  Айрыкча, доллардын көтөрүлүшү сооданын алсыздашына алып келгени айтылат.

Ошондой эле базардагы кырдаалды көзөмөлдөөгө ведомстволор аралык комиссия түзүлгөндүгү тууралуу белгиленди. Былтыр Салык кызматы тарабынан иштеп жаткан контейнерлердин саны текшерилген, бул иш-чаралар быйыл да уланат.  

"Ири соода комплекстеринин ишин анализдөө үчүн жыл сайын жумушчу топ түзүлөт. Ал эми “Дордой” жана “Мадина” базарындагы кырдаалды көзөмөлгө алуу татаалыраак, себеби ал жактагы кырдаал күн сайын өзгөрүп турат” деп билдирет аталган мекеменин басма сөз кызматы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Мэри
2014-04-03 17:36:05
Кошумча себептери:
1. "Дордой" шаардан алыс (убакыт кетет)2. Кышкысын өтө суук, ал жактан оңой эле ооруп калууга болот 3. Аймагы өтө чоң болгондуктан, кыдырууга бир күн кетет жана чарчап, бутуң, башың ооруп калат (ошондо экинчи барбайм дейсиң)4. Шаарда бутик, дүкөн, маркеттер жетиштүү. Ал жактан "Дордойдун" баасындай эле баага жакшы нерселерди алууга болот жана арзандатуу бар.
0
Oshanka
2014-04-03 18:09:41
Алар оптом сатышат Россия Казакстанга азыр Россияда да соода жылдагыдай эмес ошон учун соода начар аларда.Карасуу деле начар быйыл
0
edil.9292
2014-04-06 02:20:43
Oshanka, Бул жакта карасуу эмес дордой базары жонундо соз болуп атат бээ десе тоо дейсин да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан