* Мындан 77 жыл мурун коомдук-саясий ишмер Жусуп Абдрахманов камакка алынган. Ага "контрреволюциячыл уюмдун мүчөсү" деген күнөө коюлган. Суракка алган тергөөчү Ж.Абдрахмановду ур-токмокко алып, кыйноо жолу менен андан каалаган көрсөтмөнү чыгарууну көздөгөн. Бирок ал кол коюудан жана сурак протоколунан баш тарткан. Акыры ал жалган жалаа менен атылып кеткен.
* 1949-жылдын 4-апрелинде Вашингтон шаарында АКШ, Бельгия, Британия, Голландия, Дания, Исландия, Италия, Канада, Люксембург, Норвегия, Португалия жана Франция мамлекеттери Түндүк атлантикалык келишимге кол коюшкан. Мунун негизинде согуштук НАТО уюму түзүлгөн.
* 1973-жылдын дал ушул күнү АКШнын Нью-Йорк шаарында Бүткүл дүйнөлүк соода борборунун ачылышы болгон. Манхэттенде Эмпайр-Стейт-Билдинг (Empire State Building) курулганча, дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунарасы Нью-Йорктогу эң бийик имарат болгон. Анын 110 кабаттуу түндүк мунарасы 417 метрди түзүп, төбөсүндөгү антеннасы менен 526,3 метр болгон. Ал эми түштүк мунарасы 415 метрди түзгөн. 2001-жылдын 11-сентябрында террорчулар басып алган эки жүргүнчү учак кош мунараны сүзүп кыйратканда, 2800дөй адам набыт болгон.
* 1975-жылдын бул күнү Түштүк Вьетнамдын Сайгон шаарына жакын жерде америкалык жүк ташуучу Гэлэкси С-5 учагы кырсыкка кабылган. Ошол учурда учактын ичинде вьетнамдык кароосуз калган балдар болгон. Анын кесепетинен 172 адамдын өмүрү кыйылган.