Кыргызстанда жыл сайын 20-30 медицина кызматкери кургак учукка кабылат. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинде болгон Ачык эшиктер күнүндө адис Абдыкадыр Жороев билдирди.
Анын айтымында, акыркы 20 жылдын ичинде өлкөнүн аймактарында кургак учукту аныктоочу жабдуулар алынган эмес. Оорулуулар Бишкек же Ош шаарларына барууга муктаж болгон.
“Мындан тышкары аймактардагы эпидемиологдордун аздыгы буга себеп. Өлкөдө медициналык ишмерлердин кургак учукка кабылышынын өсүшү байкалууда”,- деп кошумчалады ал.