Жалал-Абад облустук администрациясынын 9 кызматкерине айып пул салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 3-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, айып пул салынган кызматкерлер карамагындагы мүлкү тууралуу декларация толтурушкан эмес.
Айта кетсек, Жалал-Абад облустук прокуратурасы мүлкү тууралуу декларация тапшырбаган 18 жооптуу кызматкерге административдик иш козгоп, Жалал-Абад шаардык сотуна өткөрүп берген. Сот алардын 9уна 2000 сомдон айып пул салган. Ал эми калган кызматкерлердин иши кароодо.
Салык кызматы март айында мамлекеттик кызматкерлер 2013-жылдагы кирешеси жана мүлкү боюнча 1-апрелге чейин декларация тапшырбагандарга 2000 сомдон айып пул салынат деп эскерткен эле.