Сокулук районунун тургуну өз эрки менен милицияга Макаров тапанчасын тапшырды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 2-апрель күнү Сокулук РИИБине жергиликтүү тургун кайрылган. Ал Фрунзе айылында балык кармап жүрүп тапанча таап алганын айткан. Учурда бул боюнча иликтөө жүрүп жатат.