"Бакай-Атада чогулган эл таркай элек. Талас – Тараз унаа жолу жабык" дейт жергиликтүү тургун

Бакай-Атада чогулган эл таркай элек. Талас – Тараз унаа жолу жабык. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бакай-Ата районунун тургуну Руслан Чолпонбеков бүгүн, 4-апрелде билдирди.

Анын айтымында, эл түнү менен жолду жаап турушкан.

“Учурда райондун акими биздин колдо. Ал түнү менен биз менен болду. “Алтын кени иштетилбейт” деген токтом кабыл алынып, бүгүн Жоомарт Оторбаев келет экен деп жатышат”,- деди Руслан Чолпонбеков.

Айта кетсек, кечээ, 3-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районунда жашоочулар митингге чыгышкан. Алар “Шыраалжын” кенин жабуу талабын коюшуп, кийин Боо-Терек айылында Талас – Тараз унаа жолун бууп салышкан. Бул учурда милиция кызматкерлери элди таратууга аракет кылышкан. Бирок чогулган эл көнбөгөндүктөн, эки тараптын ортосунда кагылышуу чыгып, эки милиция кызматкери сабалып, бир унаа өрттөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
doooron
2014-04-04 08:46:23
Ай байкуш милициялар ортодо ушалар токмок жеп эле калышат экенда
+1
alima8984
2014-04-04 09:35:13
жаз келип дагы башталдыбы пикет дегени ушул карапайым элди жон эле коюшса болбойбу жон эле бийликке курал кылып алышты таластыктар антип жол тосбой эле койгула бийлик оз билгенин кылат
0
Bekzamann
2014-04-04 10:16:57
"Кантип келсен ошентип кетесин" деген макал бар беле???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан