Ички иштер министрлиги: Таласта эл менен күч органдарынын ортосунда болгон кагылыштан 19 милиция кызматкери жарбыркады

Таласта абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 4-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, учурда унаа жолу жабык. 300гө жакын адам чогулуп турушат. Кечээги эл менен күч органдарынын ортосундагы кагылыштан 19 милиция кызматкери жараат алды.

Айта кетсек, кечээ, 3-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районунда жашоочулар митингге чыгышкан.  Алар “Шыраалжын” кенин жабуу талабын коюшуп, кийин Боо-Терек айылында Талас – Тараз унаа жолун бууп салышкан. Бул учурда милиция кызматкерлери элди таратууга аракет кылышкан. Бирок чогулган эл көнбөгөндүктөн, эки тараптын ортосунда кагылышуу чыгып, эки милиция кызматкери сабалып, бир унаа өрттөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
baibai71
2014-04-04 09:13:25
Таластан башталган нерсенин акыр аягы жамандык менен бутчу эле.
0
maliw
2014-04-04 09:24:47
baibai71, Talastiktar bolboso Maksim bakievge dagi dele malai bolup juro bermeksin
0
goodman02
2014-04-04 09:40:17
maliw, силерби е?
+3
kuba.94kg
2014-04-04 09:59:13
maliw, Укмушсунго ))
0
Byshakov
2014-04-04 10:00:53
maliw, бийликте Максимби же башкасыбы тынч жол менен алмаштыруу керек, революция бери дегенде экономиканыт 20 жылга арткат кайтарат.
Аргентинанын акыркы жуз жылдагы тарыхын окусанар кызыктуу, жуз жыл мурда онуккон мамлекет болгон метро 1913-ж ачылган а азыркы кейпи туруксуздуктун жоктугунан
0
Topcubai
2014-04-04 09:16:29
элдин таламын талашкандар чыкпады да.Бул бийликтин да сапры карыды окшойт
+8
acer11
2014-04-04 09:25:05
саз болуптур бийликтин айтканын кылсанар ур токмок жейсинер элдин айтканын кылсанар уруш болмок эмес.
+1
mirasem
2014-04-04 09:35:21
....19 милиция кызматкери жараат алды" дейт. Эл тараптан деле жабыр тарткандар болсо керек, же аларды адам ордуна корбой калышканбы бул АШАнын бийлиги
+4
KABBAN4IK
2014-04-04 09:46:41
Бул бийликтин куну бутуп эл учун куйгон жоопкерчиликтуу бийлик келсе экен
+7
future_kg
2014-04-04 10:29:50
7- апрельде канча милиция жабыркаганын эч соз кылышпайт ко
+2
PROS
2014-04-04 11:23:54
19 милиция(куралданган) жабыр тартса, кызык... куралы жок карапайым адамдардын бири да жабыр тартпаптырбы? Неужели...
+1
Miraid
2014-04-04 12:05:18
Ошо милиция курал которгон элден жабыркады да. Элдин кобу мас экен, колдорунда обрез. Озум коруп келдим. Ото албай Тараз аркылуу Бишкеке келдик
+1
tebessum
2014-04-04 17:48:17
Tezireek sakayip ketishsin jabyrkagandar. Alar dele buyruk atkaryp jatyshat da. Allahym kyrgyz elime yntymak bere gor!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан