Бүгүн Чүй облусунун бир катар аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн, 4-апрелде саат 09:00дөн баштап 17:00гө чейин Чүй облусунун бир катар аймактарында электр энергиясын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКсынын басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, өчүрүү жогорку чыңалуудагы «Константиновка», «Степная», «Ашмара» көмөк чордондорунан тараган 10 кВ аба электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу.

Аламүдүн районундагы Константиновка, Луговое, Байтик айылдарында, Кара-Балта шаарынын Кыргызстандын 50 жылдыгы көчөсүндө, Гидропария айылында, Панфилов районундагы Чалдыбар айылынын бир бөлүгүндө электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан