Саламаттык сактоо министрлиги: Таласта 5 милиция кызматкери ооруканага кайрылды

Таласта 5 милиция кызматкери ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 4-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, алардын төртөөнө жардам көрсөтүлүп, 1 милиция кызматкери Бакай-Ата райондук ооруканасына жаткырылды.

Айта кетсек, кечээ, 3-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районунда жашоочулар митингге чыгышкан. Алар “Шыраалжын” кенин жабуу талабын коюшуп, кийин Боо-Терек айылында Талас – Тараз унаа жолун бууп салышкан. Бул учурда милиция кызматкерлери элди таратууга аракет кылышкан. Бирок чогулган эл көнбөгөндүктөн, эки тараптын ортосунда кагылышуу чыгып, эки милиция кызматкери сабалып, бир унаа өрттөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан