2014-жылдын биринчи кварталында Социалдык өнүктүрүү министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 114 инвалиддик коляска тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 102 жаран санаторийлик-курорттук дарыланууга жолдомо алышты.
Ошондой эле Социалдык өнүктүрүү министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын абалын жакшыртуу максатында инвалиддик арабалардын колдонуу убактысын 7 жылдан 5 жылга чейин кыскартты.