Жалал-Абадда Тукубай Тайгараевдин 90 жылдыгына карата анын айкели тургузулуп жатат

Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин 90 жылдыгына жана Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата баатырдын айкели Жалал-Абад-Благовещенка жолунун кесилиш айлампасына тургузулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Жакшылык Стамбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери учурда кызуу жүрүүдө. КРнын Президентинин колдоосу жана КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан, ошондой эле шаардык, облустук жана райондук мекеме-ишканалардын колдоосу, демөөрчүлөрдүн көмөгү астында курулуп жатат.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков курулуш иштерин толугу менен 1-майга бүтүүнү тапшырды.

Айта кетсек, баатырдын эстелигинин ачылыш аземи ушул жылдын 9-майында болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан