Бүгүн, 4-апрелде Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюшулган мамлекеттик тил боюнча окуу курстары жыйынтыкталды. Окуу курсуна мамлекеттик муниципалдык тармактарда эмгектенгендер, аймактык кеңештин жооптуу кызматкерлери болуп жалпы 40тан ашык кызматкер катышкан. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элзат Абдраимова билдирди.
“Бул иш-чарада Ош мамлекеттик университети тарабынан келишим түзүлүп, тажрыйбалуу мугалимдер сабак өтүштү. Башкы максаты - мамлекеттик тилде иш жүргүзүү. Окутуу иштери жалпысынан 50 сааттык убакытты камтыган”,- дейт мамлекеттик тил боюнча адис Эркайым Маматкерим кызы.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик тилди мыкты өздөштүргөн кызматкерлерге вице-мэр Ильич Эргешов сертификат тапшырды.