2012-жылдын акыркы 11 айында мигранттар Кыргызстанга 1 миллиард 831 миллион сом которушту. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 18,4 пайызга көп. 2011-жылы чет жакта жүргөн мигранттар Кыргызстанга 1 миллиард 695 миллион сом которушса, 2010-жылы мындай көрсөткүч 1 миллиард 252 миллион сомду түзгөн. Мигранттар жиберген акча мамлекетке келген накталай каражат болуп эсептелип, быйыл мигранттардан келген акча ички дүң продукциянын 30 пайыздан ашыгын түздү.