Бүгүн Бишкекте “Кыргызстандагы жетишкендиктер жана чакырыктар” темасында тегерек стол өтөт

Бүгүн, 4-апрелде ЖКнын Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча парламентчилеринин улуттук комитети БУУнун Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү жаатындагы фонду менен биргеликте "Кыргызстандагы  жетишкендиктер жана чакырыктар" темасында тегерек стол өткөрөт. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады.  

Маалыматка ылайык, иш-чарага ЖКнын депутаттары, министрликтер менен ведомстволордун, жарандык коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы 1994-жылы Каир шаарында дүйнөнүн 179 өлкөсүнүн катарында Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык конференциянын (КӨЭК) аракеттер программасына кол койгон жана аны аткаруу боюнча милдеттеме алган. 2012-жылы КӨЭК аракеттер программасынын жетишкендиктерине иликтөө жүргүзүлгөн. Бардык тармактык министрликтердин, жарандык жана эксперттик коомчулуктун катышуусунда КРнын Өкмөтү тарабынан иликтөө жүргүзүлгөн.

КӨЭКке мүчө өлкөлөр жүргүзгөн кароолордун анализинин баары 2014-жылдын апрелинде Нью-Йорк шаарындагы БУУнун штаб-квартирасында өтүүчү БУУнун Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча комиссиясынын 47-сессиясында талкуулоого сунушталат. Бул сессия жыйынында Кыргыз Республикасынын делегациясы Кыргыз Республикасынын билдирүүсүн сунуштап, тегерек столдо талкуулайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан