Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: Жалал-Абадда селден коргонуу боюнча аракеттер уланууда

Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча Пушкин көчөсүндөгү Жийде-Бел сайынын оң жак жээгин бекемдөө жумуштары 6-марттан башталып, учурда дамбанын негизги өзөгү көтөрүлүп бүттү. Бул тууралуу 3-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады. 

Маалыматка таянсак, дамба курулуп бүтсө, Пушкин көчөсүндөгү эки кабаттуу көп батирлүү турак үй, балдар бакчасы, Республикалык психиатриялык оорукананын (РПО) №7-8-бөлүмдөрү жана жашоочулардын бак-дарак, короо-жайлары жаратылыш кырсыктарынан сакталат. 

ӨКМнын Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнүн башчысы, лейтенант Нурканбек Медетбековдун айтымында, 2-апрель күнү Таш-Көмүр шаарынын мэри Бекболот Миңбаев баш болгон тиешелүү жетекчилер иштин жүрүшү менен жеринен таанышып кайтышкан. 

Учурда аталган объектиде 5 даана ХОВО, бир жүктөгүч жана бир экскаватор техникалары иштеп жатат.

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан