Бишкекте 3-апрель күнү саат 10:20 чамасында жол кырсыгы катталган. Маалыматка ылайык, 39 жаштагы Кытайдын жараны Ю Сынг Жун Мицубиси Дион унаасын башкарып бара жатып Байтик баатыр менен Скрябин көчөлөрүндө жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 52 жаштагы Л.Геннадий жаракат алып, шаардык ооруканага жеткирилген. Азыркы тапта унаа айып төлөөчү жайга токтотулду.
Чогултулган материалдар Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 4-апрелде Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.