Депутаттар Башкы прокурор Аида Саляновага мыйзамды сыйлап, этият болуп иштөөнү сунуштады

"Регламентке караганда Кылмыш процессуалдык кодекси жогору турат". Бул тууралуу 26-декабрдагы ЖКнын жыйынында Башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Анын айтымында, Садыр Жапаровду Парламент жыйынына катыштырууга укук берилбейт жана сот да буга макулдук бере албайт. Депутат Бөдөш Мамырова аны соттун атынан жооп бербөөгө чакырса, Улукбек Кочкоров Башкы прокурорду этият болууга чакырды. "Аида айым, сиз Башкы прокурор болуп 5 айбы же 5 жыл отурасызбы, бирок бул күндөр да өтөт. Кимдир бирөөнүн буйругун аткарып жаткан болсоңуз, мыйзамды да бир сыйра карап койсоңуз. Сиздин кол алдыңызда иштеген айрым адамдар "жетекчибиз кызматтан кетсе тагдырыбыз не болот?" деп коркуп жатышат. Этият болуп иштеңиз",- деди Кочкоров. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан