Бишкекте уурулук фактысына шектелип Кара-Жыгач жаңы конушунун тургуну кармалды

Бишкекте уурулук фактысына шектелип Кара-Жыгач жаңы конушунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан мечиттен баштыгымды белгисиз бирөө уурдап кетти" деп милицияга К.Радик аттуу шаардын тургуну кайрылган. Бул факты боюнча ыкчам иликтөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү Т.Арсен кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан