Бишкекте өтүп жаткан президенттик балаты майрамына 800дөй окуучу катышууда

Ушул тапта Бишкекте А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында президенттин катышуусу менен балаты майрамы өтүп жатат. Ага 8 жаштан 13 жашка чейин өлкөнүн ар кайсы бурчунан 800дөй окуучу чакырылды. Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн маалым болгондой, майрамга ата-энесиз балдар, ден-соолугунун мүмкүнчүлгү чектелген, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары жана окууда мыкты окуган балдар катышып жатат. Кошумчалай кетсек, чакырылгандар үчүн таттуу жана президенттин атынан саат белекке берилет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан