Ош шаарында сатылуучу сүт азыктары текшерүүгө алынууда 

Ош шаарынын борбордук базарларында сатылып жаткан сүт азыктары Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жана Каржы полициясы менен биргеликте текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде санитардык-эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Өмүрзак Мурзалиев билдирди.

«Базарды текшерүү учурунда коңшу өлкөлөрдөн аткезчилик жол менен алынып келинген товарлар аныкталган жок. Ал эми анын санитардык абалын, мөөнөтүнөн өтө электигин текшерүү үчүн ар бир күркөдөн сүт азыктарынын бирден түрүн алып, лабораториялык текшерүүгө жөнөттүк. Жыйынтыгы үч күндүн аралыгында чыгат»,- деди Мурзалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан