"Өзүнүн кардарын алдаган" деп шектелген таксист кармалды

Чүй облусунан "өзүнүн кардарын алдаган" деп шектелген таксист кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Айтымында, таксистке баасы 40 миң сомдук уюлдук телефонун таштап, акча алып чыгуу үчүн үйүнө кирип кеткен. Кайра чыкса, таксист качып кеткен. 

Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү кармалып, уурдалган буюм ээсине кайтарылды.

Бул факты боюнча “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан