18-20-апрелде Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында Ж.Б.Мольердин “Дон Жуан” спектакли коюлат. “Комедиянын багыты - элди тарбияга чакыруу жана көңүлүн ачуу. Өзүмдүн кылган ишиме акыл салсам, мен жашаган кылымдын бузукулугун ашкерелеп бетин ачуудан башка татыктуу иш жасай абайт экенмин...”- деп мындан 3 кылым мурун Мольер айткан экен.
“Режиссёр Барзу Абдураззоков жана артисттер коомго орой чакырык жасаган текебер пенденин сырын ачууга аракет жасашат”,- дейт аталган театрдын жетекчисинин орун басары Е.Тараторина.
Белгилей ктесек, аталган спектаклде бузуку, эки жүздүү, принципсиз, уятсыз, күнөөкөр Дон Жуандын ролун Марат Амираев аткарат.