Садыр Жапаровду ЖКнын жыйынына катыштыруу маселеси кызуу талкууну жаратууда

"Парламенттеги 120 депутат Регламентке баш ийет, анын ичинде төрага дагы". Бул тууралуу депутат Ахматбек Келдибеков ЖКнын 26-декабрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, депутат Садыр Жапаровду жыйынга катыштыруу бул - регламенттин талабы. "Биз эң башкысы Регламентте көрсөтүлгөн мыйзамды аткарышыбыз керек. Жапаровду жыйынга алып келе алабы, алып келе албайбы ал башка маселе. Садыр Жапаров 3-декабрда Ак үйдүн тосмосун ашып түшкөн эмес, Парламентте чыркырап чындыкты сүйлөп отурган, ал камакта мыйзамсыз отурат" деди Келдибеков. Ал эми депутат Мыктыбек Абдылдаев "Биз 20 жылдан бери эшек такалап жүрүптүрбүзбү? Мындай практика башыбыздан өткөн. Бир жакыны каза болуп калса, ага топурак салып келүү үчүн камактан бошотуп берчү элек го" деп кесиптешин колдоого алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан