Ош. Шайлоодо административдик ресурсту колдонгондор катуу жазаланат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү С.Жээнбеков "жергиликтүү кеңештин шайлоосуна эч кандай административдик ресурс колдонулбасын" деп эскертти. Бул тууралуу С.Жээнбеков Кара-Суу районунда 9 айдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында сөз сүйлөп жатып билдирди. Ал өз сөзүндө: "Мурункудай коркутуп-үркүтүп, элдин укугун тебелеген убак кеткен. Эл кимди шайласа, ошол депутат болуш керек. Биз муну менен келечекте болуучу шайлоолордун таза өтүшүнө салым кошобуз. Эгерде шайлоонун жыйынтыгын бурмалаган фактылар кезиксе, биз аёосуз мыйзам чегинде чара колдонобуз. Мен ушул жерден кээ бир саясатка баш-оту менен кирип, шайлоо менен алек болгон мамлекеттик кызматкерлерге кайрылат элем, сиздер шайлоону өткөрүү менен алек болбой, өз милдетиңиздерди аткарыңыздар, шайлоону өткөрүүчү атайын орган бар",- деди. Маалымдай кетүүчү нерсе, республикалык жергиликтүү шайлоого Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат шаарлары катышат. Ага КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Ак шумкар”, “Замандаш-Современник”, “Өнүгүү партиясы-Партия Возрождения”, “Ар-намыс”, “Ата Журт” партиялары ат салышат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан