Бүгүн, 4-апрелде маданият кызматкерлеринен турган чыгармачыл топ “Кыргызстанга маданият керекпи?” аттуу басма сөз жыйынын өткөрдү. Азамат Болгонбаев, Токтобек Асаналиев, Алтынбек Максүтов, Олжобай Шакир, Зайырбек Ажыматов, Аалы Туткучев өӊдүү чыгармачыл адамдар бийликтегилердин маданиятка болгон кайдыгерлигин айтып, нааразычылыгын билдиришти.
“Бул биздин биринчи гана кадамыбыз. Эгер бийлик төбөлдөрүнүн маданият тармагына мамилеси өзгөрбөсө, анда бийликтегилердин анык жүзүн ачкан саясий притча жазып, спектакль коёбуз. Анткени алардын анык жүзүн ачууга мезгил жетти. Жакында алар жүздөрүн көрүшөт. Ал үчүн бизде дасыккан актёрлор бар”,- дейт Олжобай Шакир.