Бишкекте бир нече ирет уюлдук телефон уурдаган 17 жаштагы 2 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Укук коргоо органдарына 25 жаштагы Т.Э. 16-17 жаштагы белгисиз балдарга чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган. Арызда арыз ээсинин 16 жаштагы инисинен №5-кесиптик лицейдин жанынан белгисиз балдар күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алгандыгы тууралуу жазылат. Тиешелүү чаралар көрүлгөн соң, 17 жаштагы М.Ж. жана Э.Н. кармалды. Тергөө учурунда алар мындан сырткары №5-кесиптик лицейдин жанынан 15 жаштагы окуучунун дагы уюлдук телефонун тартып алганы аныкталды.