Бишкектеги караоке-клубдардын биринин эшигин сындырып салган 40 жаштагы айым сурак берүүдө

Ээнбаштык кылып Бишкек шаарындагы караоке-клубдардын биринин эшигин сындырып салган 40 жаштагы айым кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-декабрда билдирди. Укук коргоо органдарына Асанбай кичи районунун 30 жаштагы тургуну 25-декабрь күнү таңкы саат 5терде 35-40 чамасындагы белгисиз аял караоке-клубдардын биринин эшигин сындырып салгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Тиешелүү чаралар көрүлгөн соң, аталган кылмышка шектүү делип Биринчи Май райондук укук коргоо кызматкерлери тарабынан 40 жаштагы айым кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан