Орусиянын борбору Москвада кыргызстандык келин “уурулук кылды” деп шектелип колго түшүрүлдү. Милиция кызматкерлери аны “Щукинская” метросунун жанында жайгашкан соода борборунан кармашты.
Маалым болгондой, ал "31-мартта саат 15:30 (Москва убактысы боюнча) чамасында дүкөндөрдүн биринен кийим-кече уурдаган" деп айыпталууда.
Кармалган айым Кыргызстандын жараны жана анын Москвада турак жайы жок экени белгилүү болду.
Бул факт боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “уурулук” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу кечээ, 3-апрелде аталган шаардын Түндүк-Батыш административдик аймагынын ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.