Москвада “полиция кызматкерине пара берди” деп шектелип кыргызстандык жана тажикстандык жарандар кармалышты

Орусиянын Москва шаарында Северное Измайлово районунда “полиция кызматкерине пара берди” деп шектелип кыргызстандык жана тажикстандык жарандар колго түшүрүлүштү.

Маалым болгондой, 2-апрелде кылмышка шектүүлөр жергиликтүү полиция кызматкеринин бөлмөсүнө кирип, Фольксваген үлгүсүндөгү унааны документсиз айдоого уруксат алуу үчүн 5 миң рубль сунушташкан. Андан соң дагы 5 миң рубль алып келүүгө убада беришкени аныкталды. Бирок полиция кызматкери пара алуудан баш тартып, аларды кармоого буйрук берген.

Бул факт боюнча административдик чечим чыгарылганын 3-апрелде Москва ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bodibilding
2014-04-04 17:30:10
Андай пара берген и алгандар толтураго.
+3
infiniti
2014-04-04 17:35:37
Москвадагы полициялардын копчулугу эле,пара менен жашашат.
+3
Erhan
2014-04-04 18:17:42
Тажик-Озбектер ар тушкон сайын акча берип жаман уйротушкон азыр Москвада полициялар озбекче пул бер деп суйлошот экен
+1
tirik
2014-04-04 22:40:54
Байкуштар
+1
tokio1991
2014-04-05 14:11:01
аз акча сунуштап койгонго болбосо алат эле болчу.
0
emilkyrshab
2014-04-05 17:20:17
Уфффф орттоп салдынар го, чиркин орустар.....тим эле айдан ак болуп кетишиптир го, "взятка?" Это что такое? Деп коюшпаптыр да дагы, омуру коро электей...
+1
kara-alma
2014-04-05 18:51:25
суйлошуунун жолун акшы билбей калышкан окшойт болбосо кантип еле взята албай койсун
0
Altunbek76
2014-04-07 09:32:27
чын дилимден кызмат кылам деп жургон адам окшойт,болбосо алат болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан