Бишкектин унаа жолдорун кардан 21 атайын техника тазалап жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Мэриядан маалымдашкандай, жолду кардан тазалоо 25-декабрдан 26-декабрга караган түнү саат 2:30да башталган. Атайын техникадан башка дагы 580 короо тазалоочулар иштөөдө. Саат таңкы 7ге карата жолду тазалоо үчүн 40 тонна кум жана 2 тонна туз жумшалды. Учурда жолду кардан тазалоо иштери уланууда.