Орусияда иштеп жүргөн Арман "Сенсиз мага" аттуу ырына Москва шаарынан клип тарттырды. Клипти орусиялык ырчылар Bahh Tee, Dino M47, Guf менен иштешип жүргөн Санжар Юлдашев деген режиссёр тарткан. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Арман өзү кабарлады.
"Клиптеги кыздын аты - Элла. Башка улуттун өкүлү. Негизи, бул клипке башка кыз тартылган болчу. Белгилүү себептерден улам ал алынып, ошондон улам клиптин мааниси кетип калды. Ачыгын айтыш керек, клипти тартууга анчалык даярданган эмес элем. Буюрса, мындан кийинки клиптеримди жогорку деңгээлде тарттырууга аракет кылам",- дейт ырчы жаңы клиби тууралуу.
Мындан сырткары Арман учурда Орусиянын шоу-бизнесине аралашууга далалат кылып жатканын да жашырбады.