“Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгынын” алкагында тоголок жетим жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 500 сомдон акчалай жардам берилди. Бул тууралуу 4-апрелде Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Аталган бир жолу берилүүчү акчалай жардам Манас райондук Социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан көрсөтүлдү. Аз камсыз болгон, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар жалгыз бой адамдардан камтылган үй-бүлөлөргө да жардам катары ун, май таратылып, Н.Цыренин орто мектебинин окуучулары тарабынан чакан концерт коюлду.