Жаштар министри Алиясбек Алымкулов расмий иш сапары менен Корея Республикасында болуп кайтты

КРнын Жаштар, эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу министри Алиясбек Алымкулов 20-22-декабрда расмий иш сапары менен Түштүк Кореяда болуп келди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.  Иш сапар учурунда Алымкулов Кореянын эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу министринин орун басары Ли Жа Кап мырза менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында кыргызстандык эмгек мигранттарына жумушка уруксат берүү, жайгаштыруу жаатында министрликтер аралык өз ара кызматташуу келишимине кол коюшту. Мындан сырткары Кореянын Жумуш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Адам ресурстарын өнүктүрүү департаментинин президенти Сонг Юнг Жунг билдиргендей, корей тарап эки элдин маданият жана улуттук салт жагынан тажрыйба алмашуу максатында корей жаштарын Кыргызстанга жиберүү боюнча программа иштеп чыкканы белгүү болду. Мындын сырткары Кыргызстандан барган эмгек мигранттары үчүн эс алуу күндөрү корей тилин үйрөтүү боюнча курстар ачылганын кошумчалады Сонг Юнг Жунг мырза. Ошондой эле А.Алымкулов иш сапарынын алкагында Кореядагы “Биримдик” кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан